02
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Нарын облусуна иш сапары менен барат
Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиеванын Нарын облусу боюнча иш сапары башталды.
Иш сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр бир катар медициналык жана билим берүү мекемелеринин иши менен таанышып, Нарын облустук телерадиокомпаниясынын түз обосунун коногу болот жана аймак тургундарынын суроолоруна жооп берет.
Мындан тышкары, Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактын 2014-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата пландарды бекитүү боюнча өтүүчү коллегиясынын ишине катышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү