15
Январь
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ош облусундагы социалдык обьектилерди кыдырат
Бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиеванын Ош облусу боюнча иштиктүү сапары башталды.
Сапар жүрүшүндө вице-премьер-министр бир катар медициналык, билим берүү жана маданий мекемелерди кыдырып чыгат.
Алсак, сапардын жүрүшүндө Дамира Ниязалиева Ош облус аралык кургак учукка каршы балдар ооруканасынын амбулатордук бөлүмүн, А.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын, балдар бакчасын жана мектептерди кыдырат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү