16
Март
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева маданият тармагындагы иштиктүү топтор тарабынан киргизилген сунуштардын бетачарына катышты
Бүгүн, 16-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева маданият тармагында жакында түзүлгөн иштиктүү топтор тарабынан киргизилген сунуштардын бетачарына катышты.
Бетачардын жүрүшүндө Дамира Ниязалиева белгилегендей, иштиктүү топтордун негизги максаты катары маданият тармагынын ар-кандай багыттарын өнүктүрүү максатында атамекендик маданиятты реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
«10 иштиктүү топту түзүү чечими үстүбүздөгү жылдын 4-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлери менен болгон жолугушууда кабыл алынган. Бир жарым ай өткөн соң, биз рухий байлыктын негизги булагы эсептелген кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө жана кайра жаралуусуна багытталган иштиктүү топтор тарабынан иштелип чыккан сунуштарга ээ болуп отурабыз. Белгилей кетчү нерсе, иштиктүү топтор тарабынан киргизилген сунуштар Кыргыз Республикасында 2020-жылга дейре маданиятты өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга натыйжалуу көмөктөшүүгө багытталган», — деп билдирди вице-премьер-министр.
Бетачардын жыйынтыгында вице-премьер-министр маданиятты өнүктүрүүгө, өзгөчө аны айыл жергесинде колдоого алуу жана өнүктүрүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
“Биз өз чыгармачылыгы аркылуу коомдун түпкүрлүү моралдык-нравалык баалуулуктардын чыңдалышына, биздин кайталангыс улуттук мурастарды сактоодо жана жаш муундарга тарбия берүүдө чоң салым кошуп жаткан маданият ишмерлерин иш жүзүндө колдоого алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуубуз керек. Иштиктүү топтордун ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт. Өзгөчө басымды аймактардагы маданиятты өнүктүрүүгө жасоо керек, ал жерлерде маданий жашоо дээрлик токтоп калган», – деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү