11
Январь
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жарандарды кабыл алды
Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева жарандарды кабыл алды.
Кабыл алуу учурунда Дамира Ниязалиева встретилась Какиева К. (2-топтогу майып) жана Бакытбеков Б.Б. (1-топтогу майып) менен жолугушту.
Баарлашуунун жүрүшүндө Какиева К. жана Бакытбеков Б. Дамира Ниязалиевага бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды.
Жарандар тарабынан көтөрүлгөн негизги көйгөйлөрдүн катарына турак-жай, ипотекалык насыя төлөө боюнча жеңилдиктерди алуу, дарыланууга жана медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле айрым обьектилердин санитардык абалы боюнча маселелер кирет.
Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү талкуулоо жыйынтыгы боюнча Вице-премьер-министр Д.Ниязалиева тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө кабыл алуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилесек, Какиева К. жана Бакытбеков Б. Дамира Ниязалиевага 2015-жылдын 9-январындагы «Биринчи радионун» түз обосундагы берүүнүн жүрүшүндө жолугушуу тууралуу өтүнүчү менен кайрылган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү