03

Февраль

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева түз ободо Нарын облусунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Нарын облусу боюнча иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Нарын облустук телеберүүсүнүн “Нарын көрсөтөт” берүүсүнүн коногу болду. Түз обонун жүрүшүндө вице-премьер-министрге Нарын шаарынын жана облусунун тургундарынан ар-кыл багыттагы 100 жакын суроолор келип түштү. Белгилесек, суроолор оозеки , жазуу, электрондук почта жана телефон чалуу түрүндө берилди. Дамира Ниязалиева көрсөтүү учурунда телеберүү учурунда келип түшкөн бардык телефондук чалууларга жооп кайтарды. Ал белгилегендей, бардык берилген суроолорго жооп кайтарылат. “Бир айдан соң облустук телеберүү аркылуу жарандар өз берген суроолоруна толук жооп ала алышат», — деп белгиледи вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү