18
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Калкты эмгекке орноштуруу маселеси тутумдаштырууга муктаж»
Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2014-жыл жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата милдеттерин талкуулоо боюнча коллегиясынын ишине катышты.
Жумуштуулук, эмгек миграциясына жана жаштарга көмөктөшүү боюнча 2014-жылы аткарылган жумуштар боюнча министрликтин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев баяндама жасады.
Андан соң коллегия мүчөлөрүнө вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева кайрылып, калкты эмгекке орноштуруу жана ага көмөктөшүү боюнча ишти тутумдаштыруу зарыл экендигин белгиледи.
“Көбүнэсе ведомствонун ишке муктаж жарандарды жумушка орноштуруу маселесиндеги аракеттери көргөзмө мүнөзгө ээ. Көптөгөн аймактарда министрлик тараптан иш издегендер жана аны сунуштоочулар ортосундагы тийиштүү иштер дээрлик жүргүзүлбөйт. Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге кетип жаткан мигранттар менен өз-ара аракеттешүү жагы начар болууда. Даректүү жана тутумдуу иш алып барууга мүмкүндүк түзгөн талдоо иши жетишсиз», — деди ал.
Дамира Ниязалиева белгилегендей, жакынкы арада Кыргыз Республикасы Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болот.
“Демек, республика жарандарынын Бажы биримдиги өлкөлөрүнө жүрүү эрежелерин жана иштөө мүмкүндүгүн жөнөкөйлөштүрөт. Муну эске алуу менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык башкармалыктарынын ички миграция менен иш алып барууну күчтөндүрүү жагын кайрадан карап чыгуусун азыртадан баштоо керек», — деп билдирди вице-премьер-министр.
Өз сөзүндө Дамира Ниязалиева кайрылмандар көйгөйүнө токтолду.
«Тарыхый мекенине кайтып жаткан кыргыздарга көрсөтүлүп жаткан көмөк жетишсиз болууда. Алардын көп бөлүгү азыркыга дейре документтерге ээ эмес, жөлөкпул, же башка төлөмдөрдү ала алышпайт, каттоолору дагы жок, демек, меджардам алууга жана балдарын окутууга мүмкүндүгү жок. Мындай болушу мүмкүн эмес», – деди ал.
Теманы улантууда вице-премьер-министр Афганистандагы Кичи жана Чоң Памирде жашаган кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча ведомство аралык комиссияны түзүү боюнча ишти тездетүү тапшырмасын берди.
“Ал жакта жашаган кыргыздар кедейчиликте жана муктаждыкта жашайт. Жыл сайын жашоо-тиричиликтин төмөн деңгээлине байланыштуу алардын саны азаюуда. Бирок айрым үй-бүлөлөр мекенине кайтуу ниетин билдиришкен. Биз аларга көмөк көрсөтүүбүз керек, ошондуктан аталган комиссия жакынкы арада түзүлүшү кажет», — деп белгиледи вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
Кесиптик-техникалык билим берүү тутумуна токтолууда вице-премьер-министр дагы бир ирет мындай окуу-жайларды сактап калуу зарылдыгын белгиледи.
“Мында тигил, же бул аймак муктаж болгон адистиктерди даярдоого көңүл буруу зарыл. Аталган окуу-жайлары эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуп жаткан адистиктерге абитуриенттерди кабыл алуусу тийиш. Жогорку класс окуучуларынын жана абитуриенттер арасында кесиптик багыттоо маселеси ишке ашырылышы керек», — деди Дамира Ниязалиева.
Өз сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2015-жыл жыйынтыгы боюнча министрликтин ишине коомчулук өзү баа берээрин билдирип, өз милдеттенмелерине жоопкерчиликтүүрөөк мамиле жасоого чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү