01

Апрель

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева апрель окуяларынын катышуучуларын бириктирген коомдук уюм өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 1-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялардын катышуучуларын бириктирген коомдук уюм өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Дамира Ниязалиева маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү апрель окуяларында каза болгондордун үй-бүлөсүнө 10 миң сом өлчөмүндө, ал эми жабыркагандарга 3-5 миң сомго дейре материалдык жардам бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. “Ошондой эле “2010-жылдын апрель-июнунда орун алган окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыркаган жактарды социалдык жактан коргоо жөнүндө” мыйзамды аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ай сайын 3700 сом өлчөмүндө кошумча социалдык жөлөкпул бөлүнөт. Аталган жөлөкпул апрель окуяларында каза болгондордун 18 жашка чейинки балдарына жана пенсиялык куракка чейинки ата-энелерине төлөнүп берилет, эгерде каза болгон тарап жалгыз бала болуп саналса – жөлөкпул өмүр бою төлөнүп берилет», — деди ал. Андан соң вице-премьер-министр кошумчалагандай, 2010-жылдын апрель-июнунда орун алган окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жактарга бир ирет берилүүчү материалдык көмөктү алууга жарандардан келип түшкөн арызды кароо максатында республиканын шаардык жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына караштуу комиссиялар түзүлүүдө. “Кыргыз Республикасынын өкмөтү тараптан өлкөнүн бардык аймактарында комиссиялар түзүлүүдө, алардын курамына мамлекеттик мекемелердин гана эмес, бейөкмөт уюмдардан да өкүлдөр киргизилүүдө. Комиссиялар ачык-айкын иштейт деп ишенимдүү түрдө билдирүүгө болот», — деди вице-премьер-министр. Саламаттык сактоо министрлигинин жеңилдиктери тууралуу билдирүүдө вице-премьер-министр жылына бул максатта мамбюджеттен 30 млн сом бөлүнөөрүн маалымдады. “Мындан тышкары, Эмгек акы төлөө фонду тарабынан апрель окуяларында жабыркагандарга 2010-жылы - 192 жолдомо, 2011-жылы - 168, 2012-жылы - 17, 2013-жылы - 35, 2014-жылы 5 жолдомо берилген. Ошондой эле Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү илимий-иликтөө институтунда 790 адам дарыланган. 2010-жылы 224 адам реабилитациядан өтсө, 2011-жылы - 159, 2012-жылы — 310, 2013-жылы – 97, ал эми 2014-жылы 116 адам дарыланган», — деп кошумчалады вице-премьер-министр. Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан профсоюздук комитеттерге 700 миң сом бөлүнүп, 148 адам Ысык-Көлдө эс алган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100 миң сом бөлүнүп, натыйжада 20 адам кошумча түрдө жолдомого ээ болгон. Апрель окуяларында каза болгон жана жабыркаган жарандар үчүн курулган турак-жайдын сапатына нааразычылык маселеси боюнча Дамира Ниязалиева белгилегендей, анын себептерин аныктоо боюнча атайы комиссия түзүлөт. “Курулуш тармагында башаламандык орун алган. 1 млн долларга курулган мектептер пайдаланууга берилген жылы урай баштаган мисалдар бар, мындай көрүнүш апрель окуяларында жабыркагандар үчүн «Тунгуч» кичи районунда салынган турак-жайда да байкалууда . Учурда биз атайы комиссия түзүүдөбүз, ал сапатсыз курулган мектеп, бала-бакчаларды аныктамакчы. Биз комиссиянын иш планына аталган турак-жайдын сапатсыз курулушунун себептерин аныктоо маселесин да киргизебиз», — деп белгиледи вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева. Өз сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр кошумчалагандай, учурда 18 минуттук даректик тасма тартылган, ал 6-7-апрелде телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт. Мындан тышкары, 2-апрелде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 7-апрель окуяларына арналган китептин бетачары өтөт, ал эми 3-апрелде Г.Айтиев атындагы сүрөт-өнөр музейинде көргөзмө өтөт. Белгилесек, жолугушууга Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомство жетекчилери да катышып, апрель окуяларына катышуучулардын маселесин чечүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдап, алардын суроолоруна жооп берди. 

[su_carousel source="media: 52712,52713,52714,52715,52716" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү