25
Апрель
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өлкөнүн телерадиокомпания жетекчилери менен жолугушту
Бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева өлкөнүн телерадиокомпанияларынын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги темасы катары телерадиокомпаниялар тарабынан 2013-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын № 62 “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралды.
Жолугушууну ачууда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева белгилегендей, республиканын телеканалдарында социалдык жарнамаларды алып көрсөтүү маселесинде тутумдуулук жана айкындуулук орун албай келүүдө.
“Муну эске алуу менен талаптарды иштеп чыгуу зарыл, ага ылайык, телерадиокомпанияларга социалдык жактан багытталган ар-бир видеороликти объективдүү баалоого мүмкүндүк түзүлөт. Мында видеороликтерди тандоо ачык жана айкын өткөрүлүшү керек», — деп белгиледи ал.
Жолугушуу жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги телерадиокомпаниялар жана көзкарандысыз медиа эксперттер менен Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын иштеп чыгуу боюнча консультацияларды өткөрөөрү тууралуу чечим кабыл алынды, ал кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизилмекчи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү