06
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Искусствонун күчүн жаратмандыкка жана жаштарды тарбиялоого багыттоо зарыл”
Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2014-жылкы иш жыйынтыгын чыгаруучу коллегиясынын ишине катышты.
Маданият ишмерлеринин алдында сөз сүйлөөдө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин 2015-жылга карата Иш-аракет/милдеттенмелер планын тактап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
“2015-жылга карата Иш-аракет/милдеттенмелер планында жалпы адамзаттык баалуулуктарды – үй-бүлөнү, ак ниеттүүлүктү, улууларга карата сый урматты, сабырдуулукту, дин ишенимине карата сый мамилени өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар камтылган эмес. Жаштарды тарбиялоого чоң көңүл буруу зарыл. Ошондуктан министрликтин жана анын түзүмдөрүнүн ишин, искусствонун күчүн юбилей жана сынактарды өткөрүүгө эмес, жаратмандыкка жана жаштарды тарбиялоого багыттоо зарыл», — деди ал.
Коллегиянын жүрүшүндө Дамира Ниязалиева күн мурун кыргыз маданият ишмерлери менен жолугушуусу болуп өткөндүгүн маалымдады.
“Анын жүрүшүндө маданият ишмерлерин тынчсыздандырган көйгөйлөр талкууланып, аларды чечүү жолдору көрсөтүлдү. Тактап айтканда, кеп айлык акыны жогорулатуу, айылдык маданият үйлөрүнүн жана клубдардын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу, жеңилдетилген шарттардагы ипотека аркылуу турак-жай алуу мүмкүндүктөрү тууралуу жүрдү. Жакын арада биз ар-бир тармак боюнча иштиктүү топторду түзүп, андагы көйгөйлөрдү иликтеп, чечүү жолдорун аныктоо үстүндө иш алып барабыз», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Жыйынтыгында Дамира Ниязалиева маалымдагандай, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишинде бир катар кемчиликтер бар, үстүбүздөгү жылы аларды жоюу үстүндө иш алып баруу керек.
“Маалымдалган көрсөткүч жана сандарга карабастан, айылдарда маданий жашоо дээрлик орун албайт. Анда адамдар өзү-менен өзү калган. Телеберүү жана радиодон тышкары атамекендик жана дүйнөлүк маданиятка жакындоо булактары жок. Учурда аймактарда айылдык кнотеатрлар иштебейт, борбордук театрлардын гастролдору өткөрүлбөйт.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул багытка көбүрөөк көңүл бурушу керек», — деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү