17
Апрель
2015
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Борбор Азия университети биздин өлкөдөгү жогорку билим берүү тутумунун алдыңкыларынын катарына кирээрине ишенем»
Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева иш сапарынын алкагында Нарын облусундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырып чыкты.
Алсак, Нарын районунун Эмгекчил айылындагы Б.Байбураев атындагы орто мектепте вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева окуучулар үчүн ысык тамактандыруунун уюштурулушу менен таанышты.
“Бийик тоолуу шарттарда жашаган 1-4-класс окуучуларынын организминин өсүүсү үчүн ысык тамактандыруунун мааниси чоң. Муну эске алуу менен жалпы өлкө боюнча мектептик тамактандыруу тажрыйбасын өнүктүрүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-декабрындагы № 734 “Кыргыз Республикасындагы мектептик тамактандыруунун негизги багыттары жөнүндө” токтому дал ушул максатка багытталган. Аталган документти ишке ашыруу мектептик тамактандыруунун заманбап тармагын уюштурууга жана мектеп окуучуларын толук кандуу тамактануу менен камсыздандырууга мүмкүндүк берет», — деди ал.
Андан соң вице-премьер-министр Ага-Хан Фондунун колдоосу астында курулуп жаткан Борбор Азиядагы университеттин курулуш иштери менен таанышты.
“Борбор Азиядагы университет – бул кызыктуу долбоор, анын ишке ашырылуусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү толугу менен колдойт. Курулуш иштери пландаштырылган график боюнча жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы абдан кубандырат. Менин ишенимимде, 2016-жылдан соң, университет алгачкы студенттерди окууга кабыл ала баштаганда, БАУ биздин өлкөдөгү жогорку билим берүү тутумунун алдыңкыларынын катарына кошулаарына ишенем», – деп белгиледи вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү