19

Февраль

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Акыркы жылдары калктын дене-тарбия менен машыгууга болгон кызыгуусу солгундап, спорт менен үзгүлтүксүз машыккандардын саны бир топ кыскарган»

Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева белгилүү кыргыз спортчулары жана машыктыруучулары менен жолугушту. Жолугушууну ачууда Дамира Ниязалиева күчтүү мамлекетти курууда жана калктын ден-соолугу чың болуусу үчүн дене-тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Акыркы жылдары эл аралык спорттук аренадагы атаандаштык күч алды, өзгөчө, бул Олимпиадалык оюндардын өткөрүлүшүндө сезилет, анда алдыңкы дүйнөлүк державалар бардык экономикалык жана саясый мүмкүндүгүн өз спортчуларынын ийгилиги үчүн багыттоого аракеттенет. Албетте, Кыргыз Республикасы үчүн алдыңкы дүйнөлүк спорттук державалар менен атаандашуу кыйынга турат, бирок биздин спортчулардын өнүгүү-өсүү мүмкүндүктөрү бар», — деди ал. Вице-премьер-министр профессионалдык спортту өнүктүрүү үчүн тийиштүү финансылык каражат зарыл экендиги тууралуу пикир менен макул болду. “Учурда мамлекеттик бюджеттен спортту өнүктүрүүгө 450 млн сом бөлүнгөн. Албетте, бул каражат жетишсиз эсептелет, анткени, көптөгөн спорттук федерациялар финансылык колдоого муктаж. Мындан тышкары, айрым спорттук залдар жана борборлор оңдоого жана кайрадан жабдууга муктаж болууда. Каражаттын жоктугуна байланыштуу көптөгөн маселелердин чечилиши жылдын-жылга созулууда. Муну эске алуу менен, колдо болгон каражатка ылайык процесстерди оптималдаштыруу зарыл», - деди Дамира Ниязалиева. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева белгилегендей, акыркы жылдары калктын дене-тарбия менен машыгууга болгон кызыгуусу солгундап, спорт менен үзгүлтүксүз машыккандардын саны бир топ кыскарган. «Жолугушуунун жүрүшүндө биз көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун аныктообуз керек. Өлкөдөгү профессионалдык спорттун учурдагы абалын жакшы билгениңиздерди жана тажрыйбаңыздарды эске алуу менен калк арасында дене-тарбиясын жайылтуу жана профессионалдык спортту өнүктүрүү максатында ачык талкуу аянтчасын, ошондой эле 2015-2016-жылдарга Иш-чаралар планын түзүү үчүн иштиктүү топ түзүүнү сунуштайм», — деди Дамира Ниязалиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү