24
Март
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев БУУда суу саясаты боюнча сөз сүйлөдү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, 22-мартта, БУУнун штаб-квартирасында (АКШ, Нью-Йорк) өткөн 2018-2028-жылдарга карата «Суу туруктуу өнүгүү үчүн» аттуу жогорку деӊгээлдеги эл аралык декаданы ишке киргизүү иш-чарасында сөз сүйлөдү.
Вице-премьер-министр өз сөзүндө дүйнөлүк коомчулуктун көӊүлүн мөӊгүлөрдүн эрип кетүү коркунучуна буруп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан суу ресурстарын интегралдык башкаруу, калкты таза суу менен камсыздоо жөнүндө маалымат берди.
Дайыр Кенекеев суу ресурстарынын чектелиши эртедир-кечтир сууну экономикалык ресурс катары кабыл алууга алып келээрин, буга байланыштуу өлкөлөр бүгүндөн тартып бул жааттагы артыкчылыктуу багыттарды аныктап алуусу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал суу энергетика чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташуунун экономикалык механизмдерин иштеп чыгууну баштап, анын ичинде ар бир дарыя боюнча өзүнчө бассейндик комиссия түзүүнү сунуш кылды.
Ошондой эле вице-премьер-министр Кыргызстанда жана Тажикистанда ГЭСтерди куруу долбоорлорун жүзөгө ашыруу Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидроэнергетикалык керектөөсүн толук камсыз кылып, ошону менен бирге аймактын туруктуу өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзө ала тургандыгын белгилеп кетти.
БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш бүгүнкү күндө дүйнө калкынын 40 пайызы суунун жетишсиздигинен жабыр тартканын белгилеп кетти. Андан тышкары суулардын 80 пайызы тазаланбаган түрүндө айлана-чөйрөгө тарап, кырсыктардын 90 пайызы ушул сууга байланыштуу экендигин кошумчалады.
Антонио Гутерриш 2 миллиарддан ашык адам коопсуз сууга жетпесе, 4,5 миллиард адам адекваттуу санитардык тейлөөгө жетише албай жаткандыгын, буга байланыштуу дүйнөлүк коомчулук алдыда турган декаданын алкагында тиешелүү зарыл чараларды кабыл алуусу керектигин белгиледи.
[su_carousel source="media: 113854,113855" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү