11

Декабрь

2017

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Ош шаарындагы жумушчу сапарынын алкагында бир нече социалдык объектилердин ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 11-декабрда, Ош шаарынын Жапалак айылдык аймак башкармалыгына караштуу Тээке айылындагы № 45 Мырзаев атындагы орто мектептин 275 орундуу окуу корпусунун ачуу аземине катышты. «Сиздердин жакшылыгыңыздарга ортоктош болуп олтурам. Мектебиңер ак жолтой болсун деген каалоомду айтып, бүтүрүүлөрү менен бүтүндөй өлкө сыймыктанат деп ишенем»-деди Дайыр Кенекеев. Вице-премьер-министр Ош шаары социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жолуна түшүп, жыл сайын көркүнө чыгып бара жаткандыгын белгиледи. Ал 2014-жылдан бери Ош шаарында 740 орундуу 2 орто курулуп, пайдаланууга берилгенин айтты. «Ош шаарында бир катар мектептердин курулушу уланып жатат. Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын колдоосу менен А.Навои мектебине кошумча 630 окуучу орундуу окуу корпусунун курулушу башталган. Ушул эле мезгилде бала бакчаларды, спорт аянтчаларын курууга да басым жасалган. Жалпы 8 бала бакча, 31 спорт аянтчалары курулган»— деп белгиледи Дайыр Кенекеев. Вице-премьер-министр жаңыланган мектептин эмгек жамаатына жаңы чыгармачыл ийгилктерди каалады. Мындан тышкары, Дайыр Кенекеев Эл аралык майыптар күнүнө утурлай, Ош шаарынын Анар кичи районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга көп кабаттуу социалдык турак үйдүн ачкычтарын берүү аземине катышты. «Бул социалдык турак үйдүн курулушу социалдык колдоого муктаж болгон жарандарыбызга камкордук көрүү максатында мамлекетибиз тарабынан колдоого алынып, мына бүгүн чогуу пайдаланууга берип олтурабыз. Кыргыз эли кылымдардан бери азиз адамдарды кароосуз калтырбай, аларга камкордүк көрүп, астейил мамиле жасаган деп белгилеп»,- деди Дайыр Кенекеев.

[su_carousel source="media: 108494,108495,108496,108497,108498" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү