15

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Туруктуу өнүктүрүү максатынын негиздүү бөлүгү аймактык кызматташууну талап кылат»

Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Женева шаарындагы 2015-жылдан кийинки миң жылдык милдеттерин өнүктүрүү маселеси боюнча Аймактык министрлик консультативдик жолугушуусунда өлкөлүк милдеттенмелер боюнча дискуссияны ачты.

Катышуучулар алдындагы сөзүндө вице-премьер-министр белгилегендей, 2015-жылдан кийинки Глобалдык күн тартипте айрым алынган ар-бир өлкөнүн жана аймактык шериктештиктин өнүгүү контекстин эске алуу керек.

“Теңчиликти камсыздоо жана тыгыз аймактык жана глобалдык шериктештик анча өнүгө элек өлкөлөргө, анын ичинде чектелген ресурстуу тоолуу өлкөлөргө коюлган көрсөткүчтөргө жетүүгө мүмкүндүк берет. Туруктуу өнүгүү максатынын негиздүү бөлүгү, анын ичинде экологиялык коопсуздук жана климаттын, саламаттыкты сактоонун өзгөрүүсүнө ыңгайлашууну кошо алганда, аймактык кызматташууну талап кылат», — деп белгиледи Эльвира Сариева.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2015-жылдан кийинки мезгилдеги өнүктүрүү жаатындагы максаттар жана пландар боюнча талкуулар жана уюшулган түрдөгү иликтөөлөр жүргүзүлгөн, натыйжада, өнүгүүнүн негизги багыттары жана курч көйгөйлөр аныкталган.

“Күн тартипке мамлекеттик башкаруу сапатын жакшыртуу, экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугу жана жаңы жумушчу орундары түзүү, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы тейлөөлөрдү жакшыртуу, экологиялык жана тамак-аш коопсуздугун жогорулатуу зарылдыгы тууралуу маселелер киргизилиши кажет. Мүчө-мамлекеттер тарабынан көтөрүлчү бул жана башка маселелерди 2015-жылдан кийинки өнүгүү келечегин аныктоо үчүн мамлекеттик деңгээлге келтирүү керек», — деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү