19

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Бишкектеги саламаттык сактоо мекемелерин жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу боюнча келишимге кол коюлду”

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева саламаттык сактоо уюмдарын жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу механизмдери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө республиканын саламаттык сактоо тутумуна өткөрүлүп жаткан муниципалдык мекемелердин каржыланышы боюнча сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик топтун иш жыйынтыгы тартууланды.

Саламаттык сактоо, Финмин министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ мүчөлөрү калкка бирдиктүү медициналык тейлөө шартын түзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун сунуштады.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева белгилегендей, саламаттык сактоонун бирдиктүү борбор аркылуу башкарылчу бирдиктүү тутумун түзүү маселеси бир нече жылдар бою көтөрүлүп келген, бирок борбордук бийлик жана Өкмөттүн деңгээлиндеги пикир келишпестиктер бир бүтүмгө келүүгө мүмкүндүк берген эмес.

“Бүгүнкү күндө калкка бирдиктүү медициналык тейлөө шартын түзүү үчүн муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө мүмкүндүк түзгөн келишимге кол коюлду. Бул кадам борбордогу каржылоо нормативдери аймактарга салыштырмалуу төмөн болгондуктан, республикалык бюджеттин өзгөрүүсүнө алып келет, ал эми биздин максат – өлкөнүн кайсы тарабында жашагандыгынан көзкарандысыз түрдө жарандарды сапаттуу тейлөө менен камсыздоодо турат», — деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

Болжолдонгондой, социалдык обьектилердин көрсөтүлгөн категорияларын республикалык бюджеттен каржылоого которуу 2015-жылы ишке ашырылмакчы. Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, кийинки кадам катары билим берүү мекемелерин каржылоону Билим берүү министрлиги аркылуу республикалык бюджетке которуу иши аткарылат. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө аталган маселе боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлүүдө.

[su_carousel source="media: 45888,45889" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү