23
Октябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «ОшМУ сапаттуу менеджмент аркылуу мамлекеттик ЖОЖдор арасында алдыңкы катарга чыга алды»
Бүгүн, 23-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Ош мамлекеттик университетинин негизделгенине 75 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу жыйынга катышты.
Университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулук курам менен жолугушууда, Эльвира Сариева Өкмөт атынан жыйын катышуучуларын Ош мамлекеттик университетинин негизделгенине 75 жыл толушу менен куттуктады.
“ Ош педагогикалык институту катары ачылган ОшМУ бул жылдары он миңдеген адистерди даярдап, алар республика аймагында жана чет мамлекеттерде ийгиликтүү иш алып барууда. Бүгүнкү күндө ЖОЖдогу билим берүү сапатын жогорулатуу жана университеттик илимди өнүктүрүү маселеси алдыда турат, ОшМУдагы сапаттуу менеджмент жогорудагы татаал маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берди», - деп белгиледи вице-премьер-министр.
Ага катар Эльвира Сариева университеттин коррупцияны кыскартуу, ачык-айкындуулукка жана академиялык чынчылдыкка жетишүү, ошондой эле окутуучу курамдын айлык акысын жогорулатуу жаатындагы ийгиликтерин белгиледи. Акыркы жылдардагы ОшМУнун инфраструктураны кеңейтүүдөгү, алсак, медициналык клиниканы, лицей, бала-бакчаны ачуу жаатындагы алга жылууларды белгилеп, вице-премьер-министр ректордун жана окутуучу-профессордук курамдын окуу-жайдын билим берүү сапатын жогорулатуудагы салымын баса белгилеп кетти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү