30

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Комиссия өз курамына иш берүүчүлөрдүн кеңири чөйрөсүн тартуусу зарыл»

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы астында Республикалык социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча үч тараптуу комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде бир нече маселе белгиленген, анын ичинде 2013-2015-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана республикалык иш берүүчүлөр бирикмеси аралык Башкы келишиминин 2013-жыл жыйынтыгы боюнча аткарылышы, минималдык айлык акы деңгээлин жогорулатууну камсыздоо тууралуу маселелери бар. Комиссия ишинин жүрүшүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медкызматкерлердин иш күнүн регламенттештирүү боюнча комиссия чечимдерин аткаруу боюнча иши жетишсиз деңгээлде аткарылгандыгын белгиледи. Минималдык айлык акы деңгээлин жашоо минимум деңгээлине дейре жогорулатуу маселеси боюнча, Эмгек жана миграция министрлигине бул багыттагы ишти күчтөндүрүп, комиссия алкагында бюджеттик тармак кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча консультацияларды жүргүзүүсү тапшырылды. Комиссиянын жаңы мүчөсү - «Экономикалык палата» Ассоциациясына кайрылууда вице-премьер-министр комиссия ишине жигердүү катышып, өз сын-пикирлерин билдирип турууга чакырды. «Комиссия өз курамына иш берүүчүлөрдүн кеңири чөйрөсүн тартуусу зарыл. Комиссия алкагында маанилүү чечимдер талкууланып, кабыл алынат, анда эмгек рыногуна таасир берүүчү чечимдерди кабыл алууга тийиши бар иш берүүчүлөрдүн, профсоюздардын жана мамлекеттик органдардын сунуштарын эске алуу өтө маанилүү», — деди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

[su_carousel source="media: 44765,44766,44767,44768,44769,44770" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү