15

Декабрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Министрлердин жеке пландары мамлекеттик тейлөө сапатын жакшыртууга багытталган»

Бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева республикалык социалдык блок ведомство жетекчилери менен 2014-жылдын Иш-аракеттер планынын аткарылышы жана 2015-жылга карата Пландарды талкуулоо боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Вице-премьер-министр менен жолугушууда социалдык блокко тийиштүү ведомство жетекчилери жана министрлер жеке милдеттенмелеринин аткарылышынын жүрүшү жана көзөмөлдөнгөн тармактагы иштин натыйжалары туурасында отчетун тапшырышты.

Ошондой эле жолугушуу учурунда келерки жылга карата социалдык сектордун пландары талкууланды. Вице-премьер-министр Эльвира Сариева милдеттенмелерди конкреттештирүү жана күтүлгөн натыйжаларды тактоо максатында 2015-жылга карата министрлик жана ведомстволордун пландарын толуктап иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү