01

Декабрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Биз келечекте саясаттагы аялдарды алга жылдырууга көмөк көрсөтүүчү сунуштарды колдоого алуубуз керек»

Бүгүн, 1-декабрда, вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйынын ачты. Күн тартибинин негизги маселеси катары бийлик органдарындагы гендердик өкүлчүлүктү камсыздоо чараларын талкуулоо болуп саналды. Жыйынды ачууда вице-премьер-министр өз кезегинде башкаруу органдарында, анын ичинде шайлоо органдарында аял жана эркектердин катышын аныктоо үчүн кабыл алынган атайы чаралардын оңдуу натыйжаларын белгиледи. Мында Өкмөткө караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин төрагасы Эльвира Сариева аялдардын келечектеги алга жылуусуна көмөктөшө турган жаңы мыйзамдык сунуштарды кароонун жана колдоого алуунун зарылдыгын белгиледи.

 «Кыргызстан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин өлкөнүн мыйзам чыгаруу органындагы аялдардын 30% катышы тууралуу максаттуу көрсөткүчүнө жетише алган эмес. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аялдар үлүшү 20% гана ашат. Ал эми жергиликтүү кеңештердеги аялдардын саны жыл сайын кыскарууда. Өкмөт мүчөлөрүнүн арасында болгону 2 аялзаты калган. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин маанилүү органдарындагы аялдардын катышуусунун төмөнкү көрсөткүчү мыйзам чыгаруу жаатындагы атайы чаралардын жоктугуна байланыштуу келип чыгууда. Аталган бийлик органдарындагы аялдардын төмөнкү деңгээлде катышуу көрүнүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденгендей, шайлоо органдарындагы аялдардын өкүлчүлүгүн камсыздоо үчүн атайы чаралардын күчтөндүрүлүшүн талап кылат», — деп белгиледи Эльвира Сариева.

КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана жергиликтүү кеңештерде гендердик өкүлчүлүктү камсыздоого багытталган сунуштарды колдоого алуу чечими кабыл алынды.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү