19
Ноябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо - жергиликтүү бийлик органдарынын келечектүү милдеттеринин бири»
Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева мамлекетке кайтарылып берилген Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Колосок» жана Ак-Бешим айылындагы балдар бакчасына барды.
Вице-премьер-министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрүнүн мамлекетке кайтарылып берилген имараттардын базасында жаңы бала-бакчаларды ачуу боюнча жүргүзүп жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.
“Мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо - жергиликтүү бийлик органдарынын келечектүү милдеттеринин бири. Алар бакчаларды калыбына келтирүү боюнча ишти жүргүзүү менен балдарга кам көрүүсү кубандырат. Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы болжол менен 50 жакын балдар бакчасынын имаратын арка кайтарган. Өкмөттүн милдети аларды тез арада оңдоп, ишке киргизүүдө турат», — деди вице-премьер-министр.
Бүгүнкү күндө өз багыты боюнча иш алып барбаган мектепке чейинки имараттардын саны 1 527 барабар.
“Артка кайтаруу көйгөйүнүн катарына укуктук гана негиздер эмес, республикалык бюджеттеги финансылык каражаттын жетишсиздиги да турат”, — деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
Сапардын жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигине мурунку бала-бакчалардын имаратын артка кайтаруу маселесин көзөмөлгө алуу жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте имараттарды ишке киргизүүнү колго алуу жагы тапшырылды.
Белгилесек, мурда менчиктештирилип кеткен жана өз багыты боюнча колдонулбай жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемелерин артка кайтаруу маселеси вице-премьер-министр Эльвира Сариева тарабынан жыйындарда бир нече ирет көтөрүлүп келген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү