11

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Коомдук байкоочу кеңештер туруктуу түзүм катары кала алат»

Бул туурасында бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева мамлекеттик бийлик органдарына караштуу Коомдук байкоочу кеңештерди (КБК) түзүү механизмдери боюнча тегерек стөлдүн учурунда билдирди.

Иш-чараны ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, учурда республикада Коомдук байкоочу кеңештердин курамында орун алуу үчүн сынакка катышууну каалаган жарандардан документ кабыл алуу уланууда.

“Өкмөт активдүү жарандарды мамлекеттик органдарга караштуу Коомдук байкоочу кеңештердин курамына кирүүгө чакырууда. Жарандык багыты бар сабаттуу жана ак ниет адискөйлөр маморгнадардын отчеттуулугун жогорулатууга гана эмес, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга да өз салымын кошо алат. Өткөн жылдардагы КБК тажрыйбасы тастыктагандай, активдүү жарандар мамлекеттик органдарга, андагы маанилүү өзгөрүүлөргө жана карапайым жарандардын турмушуна таасир эткен нормативдик-укуктук актылардын мазмунуна түздөн-түз таасир эте алат», — деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

Маалымдама:

Байкоочу кеңештердин курамына коомдук өкүлдөрдү шайлоо үчүн сынакка документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2014-жылдын 17-ноябрына дейре узартылган. Кеңири маалыматты www.ons.kg сайтынан, же (0-312) 96 01 74 телефону боюнча алууга болот.

[su_carousel source="media: 45334,45335,45336,45337,45338,45339,45340" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү