15

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Операция жасала турган жайлар жана жандандыруу бөлүмдөрү электр энергиясыз калбашы керек»

Бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева КР Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери менен саламаттык сактоо обьектилерин электр менен камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешме учурунда вице-премьер-министр КР Энергетика жана өнөр-жай министрлигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биринчи категориядагы социалдык обьектилерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жаатындагы ишти күчтөндүрүүнү тапшырды. «Кеп биринчи кезекте саламаттык сактоо обьектилеринин хирургиялык жана жандандыруу подразделениелери туурасында жүрүүдө. Биз саламаттык сактоо мекемелерине электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздообуз керек, анткени мындан адам өмүрү көзкаранды болуп эсептелет», — деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

Ага катар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоо уюмдарындагы генераторлордун орнотулгандыгын жана анын колдо бардыгын текшерүү, аталган мекемелерде берилген генераторлорду орнотпостон, шалаакылык кетирген жоопкерчиликтүү жактарга олуттуу чараларды көрүү тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү