07
Ноябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Ар-бир жаңы мектеп имаратынын, өзгөчө, айыл жергесинде ачылышы, бизге алга карай болгон ишенимди тартуулайт»
Бүгүн, 7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал айылынын Ш.Султановатындагы жаңы мектеп имаратынын ачылыш аземине катышты.
Эльвира Сариева мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин жаңы мектеп имаратынын ишке берилиши менен куттуктады.
«Тийиштүү жабдуулар жана кеңири жарык окуу класстары бар мектеп – айыл тургундары жана окуучулар үчүн жагымдуу белек болуп саналат. Мектеп 320 окуучулук орунга эсептелген. Ал эми 2015-жылы мында спортзалы курулмакчы. Ар-бир жаны билим берүү имаратынын, өзгөчө, айыл жергесинде ачылышы, кубанычтуу окуя катары бизге алга карай болгон ишенимди тартуулайт. Мугалимдик жамааттын сапаттуу эмгеги жана балдардын алга карай умтулгандыгы ушул айылдын уул-кыздарынын келечекте мыкты адистер катары өсүп чыгуусуна негиз болуп берет деп ишенебиз», – деп билдирди вице-премьер-министр.
Андан сон вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун негизделгендигине 75 жыл толгондугуна карата өткөрүлгөн салтанаттуу жыйынга катышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү