31
Октябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Илимий мекемелердин натыйжалуулугун баалоо ишин жакшыртуу талап кылынат»
Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы астында Республиканын илим тармагын реформалоо жана илимий ишмердүүлүктү калыбына келтирүү боюнча иштиктүү топтун жыйыны болуп өттү.
Жолугушууну ачууда Эльвира Сариева Иштиктүү топтун мүчөлөрү үч ай ичинде КР Өкмөтүнүн кароосуна илим тармагын реформалоонун негизги багыттары жана Кыргыз Республикасындагы илимий уюмдарда заманбап башкаруу тутумун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып, киргизүүсү зарыл экендигин эскертти.
«Илимий мекемелердин натыйжалуулугун баалоо ишин жакшыртуу талап кылынат. Эл аралык илимий тармактагы журналдардагы жарыялоолорго шилтеме берүүнүн бардык параметрлери боюнча Кыргыз Республикасы төмөнкү рейтингде орун алган. Ошону менен катар Иштиктүү топ ишмердүүлүгүнүн оңдуу жыйынтыктары байкалууда: илимге карай кошумча ресурстардын тартылышы, университеттик илимди өнүктүрүүдө алга жылуулар бар», — деди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
Жолугушуунун жүрүшүндө илимий ачылыштарды өндүрүшкө киргизүү жыйынтыгы, ири илимий долбоорлор, технологиялардын болушу жана алардын дүйнөлүк стандарттарга дал келүүсү, окумуштуулардын сапаттык курамы, ресурстарды пайдалануу натыйжалуулугу, бюджеттен илимге бөлүнгөн финансылык каражаттардын натыйжалуу пайдаланышын талдоого алуу аспектилери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасындагы илим тармагын реформалоонун негизги багыттары, илимди башкаруу формалары, илимдин ресурстук камсыздалышы, кадрдык мүмкүндүк жана илим мазмунунун келечектери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү