23

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Талас облусунун күз-кыш мезгилине карата камылгасы менен таанышты

Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Талас облусу боюнча иш сапарынын алкагында облустун 2014/2015-жылкы күз-кыш мезгилине карата камылгасы менен таанышты.

Алсак, иш сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр калкка көмүр сатып жаткан отун базалардын ишинин уюштурулушу менен таанышты. Учурда Талас облусу боюнча жалпысынан 63 отун базасы иш алып барууда. Мындан тышкары вице-премьер-министр Талас облусунун саламаттык сактоо жана билим берүү обьектилеринин, облустук буу казандардын кышка даярдыгын текшерди.

Сапар жыйынтыгы боюнча күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штаб мүчөлөрү менен жыйын өткөрүүсү жана Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында аталган маселе боюнча өтүүчү селектордук жыйынга катышуусу пландаштырылууда.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Талас облусун күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Иштиктүү топ жетекчиси болуп саналат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү