09
Декабрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Пенсиялык камсыздоо акыйкат социалдык камсыздоо принциптерине негизделиши керек»
Бүгүн, 9-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасы алдында өзгөчө салым кошкон соттордун жана жарандардын пенсиясына кошумчаларды бекиткен мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйын учурунда Социалдык фонд төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган Пенсиялык камсыздоо концепциясынын жоболору жөнүндө маалымдады.
Анын айтымында, Концепцияга ылайык, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо катышуучулары үчүн акыйкат шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, соттордун жана персоналдык пенсионерлердин пенсиясына кошумчалоодогу диспропорцияны жөнгө салуу үчүн соттордун жана өзгөчө салымы үчүн пенсияларга кошумчаларды алып салуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө.
Жыйында белгиленгендей, учурдагы абалда бири-бирине карата бирдей деңгээлде болгондугуна карабастан, пенсиялык жеңилдетүүлөр калктын айрым топторуна башка категориялардын эсебинен сунушталат. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, сотторго кошумчалардын орточо көлөмү 14 642 сомду түзсө, Улуу Ата мекендик согуш ардагерлерине болгон кошумчанын орточо көлөмү – 570 сом, 1-топтогу майыптарга 210 сом кошулат.
Социалдык фонд башчысы белгилегендей, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тутумдун камсыздоо принциптерин күчтөндүрүү максатында өткөрүлүп, пенсиялык тутумдун акыйкаттуулугун жогорулатат. Бирок бир катар министрлик жана ведомство өкүлдөрү сотторду пенсиялык камсыздоонун мамлекеттик кепилдигине, алардын жогорку макамына жана өзгөчө түрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу сот-пенсионерлердин кошумчасын сактоо зарылдыгын билдирген.
Кеңешмени жыйынтыктоодо вице-премьер-министр Эльвира Сариева пенсиялык камсыздоого жана пенсияга чыгып жаткан бардык жарандарга карата акыйкат мамилени камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин чыгашасын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
«Кыргыз Республикасындагы пенсиялык камсыздоо акыйкат социалдык камсыздоо принциптерине негизделет. Өкмөт Социалдык фонд алдына жогорку пенсиялык кошумчаларды жана калктын өзгөчө тобун ажыратууну чектөө боюнча милдетти койду», — деп белгиледи Эльвира Сариева.
Вице-премьер-министр соттордун сот катары иштеген стажы үчүн жана Кыргыз Республикасы алдында өзгөчө салым кошкон жарандардын пенсиясына зарылдыгын белгиледи.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына мыйзам долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу жана тийиштүү тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизүү тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү