20

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева мамлекеттик ЖОЖдорду жакшыртуу боюнча реформаларды активдештирүү зарылдыгын белгиледи

Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева КР билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун жогорку билим берүү тутумун жакшыртуу боюнча реформалардын жүрүшү тууралуу отчетун укту.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик ЖОЖдорду мониторингден өткөрүп, анда өзүн-өзү каржылоого которууга, орто кесиптик окуу-жайларына өзгөртүп түзүүгө жана бириктирүүгө ылайык келген ЖОЖдордун тизмесин аныкталгандыгы тууралуу маалымат алды.

Министрдин айтымында, чечим иштиктүү топ мүчөлөрү тарабынан мамлекеттик ЖОЖдорду жакшыртуунун 12 талабына жана 60 индикаторуна ылайык сунушталган. Сунушталган чечим нормативдик-укуктук актылар менен бекемделип, бир ай ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө алынып кирилет.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева белгилегендей, министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому аркылуу бекитилген жогорку окуу жайлар тармагын жакшыртуу Концепциясынын графигинен артта калууда. Ошондой эле вице-премьер-министр министрликтин аталган багыттагы ишин активдештирүү жана алдыдагы чечимдерди атамекендик мыйзам талабына ылайык кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү