24
Октябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Талас облусунун жетекчилеринен күз-кыш мезгилинде калкты жана социалдык мекемелерди көмүр менен өз убактысында камсыздоону талап кылды
Бүгүн, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева жергиликтүү бийликке күз-кыш мезгилинен өтүү маселесине көмөк көрсөтүү максатында Талас облусунда иш сапары менен жүрөт.
Сапардын жүрүшүндө Эльвира Сариева Талас облусунун Манас жана Кара-Буура райондорунун, өзгөчө, социалдык мекемелердин жылытуу мезгилине карата даярдыгын текшерди. Обьектилерди көзөмөлдөө учурунда Эльвира Сариева жооптуу жактардан мектеп, бала бакча, медициналык жана башка социалдык маанидеги уюмдарга көмүр жеткирүүнү түзүлгөн графиктин негизинде так аткаруусун тапшырды.
“Жер-жерлердеги бийлик орган жетекчилери жакынкы күндөрү бюджеттик уюмдарды жана аялуу катмарларды көмүр менен камсыздоо иштерин жыйынтыктоосу тийиш. Ошондой эле аларга бүткүл жылытуу мезгилинде көмүр сатуу түйүндөрүндө отундун жетиштүү көлөмдө болуусун жана ага карата баалардын негизсиз жогорулатылбашын камсыздоо милдети жүктөлөт», – деди ал.
Вице-премьер-министр Э.Сариева жана Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү Кара-Буура жана Манас райондук кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда КР Өкмөтү тарабынан сунушталган электр энергиясына карата тарифтик саясаттын жаңы концепциясы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле сапар жүрүшүндө вице-премьер-министр Эльвира Сариева бир катар социалдык объектилерди кыдырып, Талас облусунун тургундары менен жолугушту.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү