28
Ноябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: Өкмөт мамлекеттик социалдык буйрутма механизмдерин жакшыртат
Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева “Мамлекетик социалдык буйрутма жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы редакциядагы Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стөлдүн ишине катышты.
Өз сөзүндө вице-премьер-министр Өкмөттүн мамлекеттик социалдык буйрутма механизмдерин киргизүү боюнча жетишкендиктерин белгиледи. «Социалдык буйрутманы киргизүү тажрыйбасы аталган механизмди жакшыртуунун зарылдыгын белгиледи. Жаңы өзгөртүүлөр мамлекеттик социалдык буйрутма тутумунун кемчиликтерин жоюуга, ошондой эле аны ишке ашыруунун жаңы формаларын: социалдык тейлөөнү мамлекеттик сатып алууну, коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо жана муктаж жарандарга социалдык тейлөөнү сунуштоону киргизүүгө багытталган», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Ошондой эле вице-премьер-министр Эльвира Сариева белгилегендей, мыйзам долбоору кабыл алынган учурда мамлекеттик жана муниципалдык органдар социалдык көйгөйдү чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик социалдык буйрутма формасын пайдалануу укугуна ээ болот.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү