13

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Алтынбек Максутовду Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жамаатына тааныштырды

Бүгүн, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына аталган министрликтин жаңы жетекчиси Алтынбек Максутовду тааныштырды. Ведомство жамаатына жаңы жетекчини тааныштырууда вице-премьер-министр маданият обьектилерин башкаруу, театралдык жана музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, маданият жаатындагы кадрларды даярдоо сыяктуу министрлик алдына коюлган негизги милдеттерге басым жасады. Өзгөчө көңүл өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү жана 2015-жылы санариптик телеберүүгө өтүү маселесине бурулду. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү