24

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева “Коомдук кабылдамага” жазылган жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коомдук кабылдамага” жазылган жарандарды кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда Эльвира Сариева ар-кыл мүнөздөгү суроолорду чечүү, мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн жазылган жарандар менен жолугушту.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева жарандардын суроолорун көңүл коюу менен угуп чыгып, ар-бир кайрылуу жана сунуш каралбай калбастыгын белгиледи.

Белгилесек, графикке ылайык, “Коомдук кабылдама” ар-бир иш күнү иштейт. Жарандарды Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси, анын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчылары кабыл алат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү