06
Ноябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Социалдык жактан коргоо программасы социалдык өнүгүүнүн жаңы кадамын аныктайт»
Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга карата Калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасын талкуулоо боюнча тегерек стөлгө катышты.
Форумдун ишин ачууда Эльвира Сариева белгилегендей, Программанын негизги максаты — бул социалдык жактан корголбогон жарандар категориясын сапаттуу тейлөө менен камсыздоо жана алар үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү түзүү болуп эсептелет.
«Документ социалдык коргоонун так багытын аныктайт. Программанын келечектүү багыттары болуп татаал жашоо шартындагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды жана карыларды социалдык жактан коргоо эсептелет», — деп билдирди вице-премьер-министр.
Программа долбоорун иштеп чыгуу жана талкуунун жүрүшүндө маморгандардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бейөкмөт уюмдардан жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эксперттеринен 125 ашуун сунуштар келип түшкөн.
«Тегерек стөлдүн өткөрүлүшү жарандык коом өкүлдөрүнүн бул маселеге карата кызыгуусу жана аны активдүү талкууга алуусу менен шартталган», – деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү