24
Сентябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Билим берүү жаатындагы реформаларды өткөрүү – чектелген түшүнүк эмес, аны жашоо зарылдыгы катары кабыл алуу керек»
Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Азия өнүктүрүү банкынын Борбор Азия жана Батыш Азия өлкөлөрү боюнча департамент директору Клаус Герхаузер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эльвира Сариева Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы демилгелерин колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
“Тармактык министрлик тарабынан АӨБ кызматкерлери менен бирдикте “Билим берүү тутумун чыңдоо – тармакты өнүктүрүү программасы” жаңы долбоору иштелип чыккан, ал билим берүү тутумундагы реформалар жыйындысын өткөрүүнү шарттайт.
Белгилей кетчү нерсе, билим берүү тармагындагы реформалар 3 багыттын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Анын катарына стандарттар жана окуу-усулдук комплексинин, мугалим ишинин сапатын жакшыртуу, ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана сапаттуу билимге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча программаларды жакшыртуу кирет. Мында белгилей кетчү нерсе, билим берүү жаатындагы реформаларды өткөрүүнү чектелген түшүнүк катары эмес, жашоо зарылдыгы катары кабыл алуу керек», – деди Эльвира Сариева.
Өз кезегинде Клаус Герхаузер маалымдагандай, “Билим берүү тутумун чыңдоо – тармакты өнүктүрүү программасы” жаңы долбоору Азия өнүктүрүү банкына макулдашууга жөнөтүлгөн.
«29-30-сентябрда долбоор АӨБ Директорлор кеңеши тарабынан каралышы пландаштырылууда. Долбоор жактырылган учурда АӨБ билим берүү жаатын реформалоого болжол менен 22 млн долларын бөлөт, анын 10 млн долларга жакыны - бюджеттин түз колдоосу (SWAp), калганы программалык форматта ишке ашырылат. Менин ишенимимде, биргелешкен аракет аркылуу долбоордо көрсөтүлгөн бардык максаттарга жетишүүгө мүмкүн болот», — деди Клаус Герхаузер.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү