13
Сентябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Чет элдик жарандарга ишке уруксаат берүүнүн ачык тутуму инвестицияларды тартуу үчүн зарыл»
Бүгүн, 13-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева тийиштүү тармактык министрлик жана ведомство өкүлдөрүнүн катышуусунда иштиктүү жыйын өткөрдү.
Жыйын учурунда Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салуу көйгөйү жана чет элдик жарандарга ишке уруксаат берүү маселеси талкууланды.
Вице-премьер-министр инвесторлор жана ири чет элдик компаниялар жактан Жаштар, эмгек жана миграция министрлиги тараптан уруксаат берүү процесси жабык өткөрүлүп жаткандыгы боюнча арыздардын саны көбөйүп жаткандыгын белгиледи.
«Россия, Европа жана башка мамлекеттерден келген ири инвесторлор өз компания кызматкерлерине уруксаат ала албай жүрсө, ошол эле кезде Кытайдан келген ондогон жумушчулар эч кандай тоскоолдуктарсыз эле уруксаат кагазына ээ болууда. Жакынкы арада кабыл алынган мыйзам Өкмөт үчүн инвесторлор жана жогорку квалификациялуу жумушчу күчү үчүн жагымдуу шарт түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Жаштар, эмгек жана миграция министрлигине КР Экономика министрлиги менен бирдикте чет элдик жарандарга уруксаат берүү тутумун лицензиялаштыруу тууралуу жаңы мыйзамга шайкеш келтирүү, ошондой эле Россия, Казакстан жана башка өнүккөн мамлекеттердин үлгүсүндө чет элдик жогорку квалификациялуу адистерди тартуу тутумун киргизүү тапшырмасы берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү