17
Октябрь
2014
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Социалдык тармак кызматкерлери – жарандык коом негизи»
Бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери күнүнө арналган салтанаттуу жыйынга катышты.
Вице-премьер-министр социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерине кайрылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери күнү менен куттуктады.
«Кыргыз эли ар-дайым карылар, мүмкүнчүлүгү чектелген жактар жана балдарга кам көрүп келген. Социалдык тармак кызматкерлери өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө ылайык элдин камын ойлоп, мамлекетибизди чыңдоого карата өз салымын кошуп келүүдө. Сиздердин ар-бир күнүңүздөр – жарандык милдетти аткарып жатканыңыздар болуп саналат”, — деди Эльвира Сариева.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өзүнүн эмгекке жарамдуу курагын өлкө бакубаттуулугу үчүн жумшаган жарандардын татыктуу пенсия менен камсыздоо маселесине өзгөчө маани берет.
“Өкмөт пенсия көлөмүнүн жогорулатылышы инфляциянын өсүүсүнөн артта калбоосу үчүн колдон келген аракетин жумшоодо. Тактап айтканда, 1-октябрдан тарта пенсия көлөмү жогорулатылды, бул жашоо минимумунан төмөн пенсия алган жарандардын санын кыскартууга шарт түзөт. Иш муну менен токтоп калбайт, пенсиялык реформалар кошумча оңдуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүндүк берет», — деди ал.
Андан соң вице-премьер-министр Эльвира Сариева жалпы социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерине чың ден-соолук, бакыт-таалай жана коомго зарыл эсептелген ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтердин жарала беришин каалап кетти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү