02
Октябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Мектептик билим берүүгө чыгымдар корголгон беренелер боюнча бир тизмекте жүргүзүлүшү тийиш»
Бүгүн, 2-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева мектептик билим берүүнү каржылоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Анын жүрүшүндө учурдагы мектептик билим берүүнү каржылоо тутуму мектептерде нормативдик каржылоону ийгиликтүү колдонууга, өз бюджетин башкарууда мектептерге финансылык автономия берүүгө тоскоолдук келтирип жаткандыгы айтылды. Бул мектептер көбүнэсе бюджетте калган каражатты мугалимдерге материалдык жактан колдоо берүү иретинде пайдалана алышпайт, анткени, каржылоодо корголгон беренелер приоритет катары эсептелет.
Мугалимдердин айлык акысы анын ишинин сапатынан жана натыйжаларынан көз каранды эмес, анын теңдештирилген мүнөзүн эске алуу менен, КР Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер айлыгын мектептик билим берүү тутумунун ички резервдеринин жана кошумча финансылык ресурстарды тартуу, анын ичинде кошумча акы төлөнүүчү билим берүү тейлөөсүнүн эсебинен, мектептерди каржылоо нормативдерин реалдуу жогорулатуу аркылуу көтөрүүнү сунуштады. Мында билим берүү мекемелери тарабынан кошумча каражаттардын тартылышы бюджеттик каражаттын каржылоо деңгээлин кыскартууга алып келбеши тийиш.
Ошондой эле жыйын учурунда мектептик билим берүүнү толук көлөмдө каржылоону камсыздоо тууралуу норманы мыйзамдуу түрдө бекитүү жана мектептерди приоритеттүү каржылоону жана мектептик билим берүүнү каржылоо чыгымынын деңгээлин кыскартпоону камсыздоо сунушталды.
“Мектептик билим берүү калдык принциби боюнча каржыланбашы тийиш. Мектептик билим берүүгө чыгымдар, пенсия, жөлөкпул жана башкалар сыяктуу коргологон беренелер боюнча бир тизмек менен жүргүзүлүшү тийиш. Үстүбүздөгү жылдын бюджетин аткаруунун жүрүшүндө мектептик билим берүүнүн чыгымдарын кыскартуу улантылууда. Парламент тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга карата республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга карата болжолдор жөнүндө” Мыйзамындагы мектептерди финансылык камсыздоо жаатындагы өзгөртүүлөр колдоого алынса, анда мектептик билим берүүнүн туруктуу тутумун өнүктүрүүгө жана мугалимдерди колдоого алууга мүмкүндүк түзүлөт», - деп белгиледи вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү