29

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: Илимди реформалоо – аны өнүктүрүү жана илимий чөйрө үчүн шарттарды түзүү болуп саналат

Бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Улуттук Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө Эльвира Сариева жана Абдыганы Эркебаев илим тармагындагы реформа жүргүзүү зарылдыгы тууралуу маселени талкуулады.

Тактап айтканда, жолугушуунун катышуучулары илимди колдоо багытындагы мамлекеттик ресурстарды бөлүштүрүүнүн натыйжасыздыгын, кыргыз илиминин төмөнкү атаандаштык мүмкүндүгү аны келечекте өнүктүрүү жолдорун талкуулады.

Кеп коомдук талкуу аркылуу бюджеттен каржыланчу илимдеги келечектүү багыттарды аныктоо зарылдыгы тууралуу жүрдү.

Ошондой эле жолугушуу учурунда КР УИА кызматкерлери тараптан аткарылган жетишкендиктерди сактоо зарылдыгы тууралуу да сөз жүрдү, Эльвира Сариева академиялык чөйрөнү КР УИА реформалоо маселеси боюнча баарлашууга жана кеңири кызматташууга чакырды.

“Илимди реформалоо – аны өнүктүрүү жана илимий чөйрө үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. КР УИА реформалоо боюнча талаптар жана критерийлер илимий коомчулук тарабынан иштелип чыгат. Дал ошондуктан биз илимди реформалоо иши натыйжалуу болуусу жана жаңы дүйнөлүк технологиялык түзүлүш алкагында ал өзүнүн тийиштүү орун алуусу үчүн кызыкдар маморгандар жана илим ишмерлери аралык пикир алмашуу үчүн аянтчаны түзүүбүз зарыл», — деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

Жыйын соңунда Өкмөт тараптан академиктер, илим ишмерлери, министрлик жана ведомство өкүлдөрү курамына кирген иштиктүү топ түзүлө тургандыгы айтылды, алар Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясын реформалоо механизмдерин жана мөөнөтүн аныктоого катышат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү