16
Октябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Ар-бир социалдык мекеме жетекчиси имараттарды жылытуу мезгилине даярдоону камсыздоосу тийиш»
Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Нижне-Серафимовкадагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн социалдык стационардык мекемеге барды жана келерки жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты.
Иш сапары учурунда вице-премьер-министр Нижне-Серафимовкадагы социалдык стационардык мекемедеги от казандын ишке киргизилиши – бул мындагы тургундар үчүн жагымдуу окуя болуп саналаарын билдирди.
“Быйылкы жылы Өкмөт жаңы от казанды курууга 4,5 миллион сом бөлгөн. Жаңы ишке киргизилген от казан мекеме тургундарын толугу менен жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо мүмкүндүгүнө ээ», — деди ал.
Ошондой эле вице-премьер-министр Эльвира Сариева социалдык мекеме жетекчилеринин өз ишине карата жоопкерчиликтүү мамилесинин маанилүүлүгүн белгиледи.
“Алсак, интернат директору канчалык деңгээлде өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылса, жалпысынан мамлекеттин иши да андан көзкаранды эсептелет. Энергетикалык каатчылык шартында ар-бир мекеме жетекчиси имараттарды жылуулоо, от казандардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо, жылуулукту үнөмдөө маселелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу абзел», — деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү