02

Декабрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Борбор Бишкек шаарынын мектептерин нормативдик каржылоо принцибине өткөрүү жөнүндө Өкмөт чечимин аткарууну кечеңдетүүдө»

Бүгүн, 2- декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева министрлик, ведомство өкүлдөрүнүн жана борбордук кеңеш депутаттарынын катышуусунда Бишкек шаарында нормативдик каржылоону киргизүү макамы боюнча жыйын өткөрдү.

Кеңешме учурунда Бишкек шаардык мэриясынын мектептерди нормативдик каржылоого өткөрүү чечимин аткаруусу боюнча маалыматы угулду.

Жыйынды ачууда вице-премьер-министр Эльвира Сариева белгилегендей, борбордук бийлик мектептердин финансылык көзкарандысыздыгын камсыздоочу Бишкек шаарынын мектептерин нормативдик каржылоо принцибине өткөрүү тууралуу Өкмөт чечимин аткарууну кечеңдетүүдө. Аталган чечим Бишкек шаардык кеңешинин чечими аркылуу да колдоого алынган, бирок учурда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан нормативдик каржылоо принцибине өтүү тартиби киргизиле элек.

“Мектептик билим берүү тутумун каржылоо механизми бүтүндөй республика боюнча бирдей болуусу тийиш. Бүгүнкү күндө нормативдик каржылоо тутуму борбор шаарыбызда гана киргизилген эмес. Натыйжада, борбордук мектептер финансылык көзкарандысыздыкка ээ болбостон, бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылууда», - деп билдирди вице-премьер-министр.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, борбордо нормативдик каржылоого өтүү процессин тездетүү чечими кабыл алынган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү