18

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу тажрыйба катары эсептелет, анын ийгиликтүү ишке ашырылышы соцобьектилердин курулушун тездетип, баасынын төмөн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечим кабыл алды, ага ылайык, Бишкек шаарынын «Калыс-Ордо» конушунда жалпы билим берүү багытындагы имараттарды куруу боюнча жаңы технологияларды колдонуу менен мектеп курууга шарт түзүлөт.

Тажрыйба иретиндеги мектепти курууда жаңы көлөмдүү пландаштырылган чечимдер, эл аралык стандарттарга туура келген жаңы курулуш материалдары жана инженердик камсыздоо тутумдары пайдаланылат.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Бишкек мэриясынын тажрыйба иретиндеги долбоорду киргизүү боюнча демилгесин колдоого алды.

“Биз көптөн бери республикалык бюджет эсебинен курулуп жаткан соцобьектилердин узак мөөнөттө бүткөрүлгөндүгү жана анын наркынын жогорулугу тууралуу көйгөйдү көтөрүүдөбүз. Кошумча тоскоолдук катары атамекендик курулуш тармагы жактан эл аралык нормаларга шайкеш келген жаңы стандарттарды иштеп чыгуунун жай жүргүзүлп жаткандыгы эсептелет. Өкмөттүн өзгөчө алынган мектеп боюнча тажрыйба иретинде жаңы технологияларды киргизүү буйругунун кабыл алынышы Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин улуттук жаңы нормалар стандартын иштеп чыгууну жыйынтыктай электигине байланыштуу абалдан чыгуу ыкмасы катары кабылданат. Борбордук тажрыйба ийгиликтүү ишке ашырылып, заманбап жана арзан баадагы жана тез арада бүткөрүлчү соцобьектилердин курулушу кадимки тажрыйбага айланат деген ишеним бар», — деди Эльвира Сариева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү