10
Декабрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Интернетти жөнгө салуу эркиндиги биздин жетишкендик болуп саналат»
Бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева маалыматтык-коммуникациялык технологиялар рыногун өнүктүрүү келечегин талкуулоо боюнча форумдун ишине катышты.
Вице-премьер-министр аталган иш-чаранын глобалдык деңгээлдеги жана өлкө ичиндеги мыйзамдык жана техникалык деңгээлдеги түзүлгөн жаңы шарттарында өз учурунда өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.
Тактап айтканда, мобилдик байланыштын тереңдеп кирүүсү боюнча рыноктогу жетишкендиктер, интернет-байланышты пайдалануу баасын төмөндөтүүдөгү, жалпы өнүктүрүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар рыногунун үзгүлтүксүз өнүгүүсү боюнча жетишкендиктер белгиленген.
Иш-чара катышуучуларына кайрылып, вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргыз Республикасы алдында турган жаңы чакырыктарга басым жасады.
“Постиндустриалдык экономика өлкөлөрү билимдин инновациялык экономикасына өтүүдө, анда башкы актив катары адамдык мүмкүндүк эсептелет. Контексттин өзгөртүлүшү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар саясатын жаңыртылышын талап кылат, бирок, биз негизги принциптерди: ачыктык, жеткиликтүүлүк, инфраструктураны өнүктүрүү принцибин сактообуз тийиш. Интернетти жөнгө салуу эркиндиги биздин жетишкендик болуп саналат. Бул биздин маанилүү баалуулугубуз, биз интеграция шартында аны кармануубуз керек», — деди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү