19

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Кургак учук социалдык кооптуу жугуштуу оору бойдон калууда жана аны менен күрөшүү мамлекеттин маанилүү милдети бойдон калууда»

Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ҮМБ ишмердүүлүгү менен таанышып жана кургак учукту аныктоо жана амбулатордук деңгээлде дарылоо жыйынтыгы боюнча Тегерек стөлдүн ишине катышты.

Кургак учук боюнча көрсөткүчтөрдүн туруктуу болуусуна карабастан, кийинки сандар кооптонууну туудурууда. 2014-жылдын 1-жарым жыл жыйынтыгынын ыкчам маалыматы боюнча, калк арасындагы аталган оору менен жабыркагандардын саны боюнча, 100 миң адамга 53,2 адам туура келээрин көрсөттү. Бул 3 043 жаңы жуктуруп алуу болгондугун көрсөтөт. Кургак учуктан каза болгондордун саны боюнча алганда, 100 миң адамга 3,3 адам дал келээрин көрсөтөт.

Чүй облусунун пилоттук районунун үлгүсүндө кургак учук менен ооругандарды амбулатордук дарылоодон өткөрүүнү киргизүүнүн жыйынтыгы менен таанышууда вице-премьер-министр кыйынчылык абалга карабастан, дарыгерлердин жетишкен ийгиликтерин белгиледи.

“Кургак учукту амбулатордук деңгээлде дарылоо алгачкы деңгээлдеги тейлөө көрсөтүүнүн натыйжалуу болоорун далилдөөдө жана оорулуулардын өз учурунда кайрылуусуна шарт түзөт. Мындай оңдуу тажрыйбаны Кыргызстандын жалпы саламаттык сактоо тутумуна жайылтуу керек», — деди ал.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык шериктерине кургак учукка каршы күрөш жана анын алдын алуу боюнча берген көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн:

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын 9 млн жакын адам кургак учук оорусуна чалдыкса, анын 3 миллиону тийиштүү медициналык жардам албайт.

Кургак учук менен ооругандардын саны жана андан каза болгон адамдардын санын азайтуу максатында 2013-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан 2013-2016-жылдарга карата “Кургак учук” программасы бекитилген. Программанын милдеттери катары: кургак учукту өз убагында жана сапаттуу аныктап, дарылоону камсыздоо, оору менен жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү тутумун жакшыртуу; кургак учукту диагностикалоо жана дарылоо боюнча жаңы технологияларды киргизүү; кургак учуктан жабыркаган бардык категориялардагы оорулууларды тийиштүү дармектер менен кепилдүү түрдө камсыздоо, ошондой эле калктын кургак учукка каршы күрөшүү көйгөйү тууралуу маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү