25

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: “Өлкөдөгү 250 мектепте 1-4 класс окуучуларын ысык тамактандырууга өткөрүү ишке ашырылат»

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна караштуу Россия Федерациясынын Туруктуу өкүлүнүн орун басары Владимир Кузнецовду кабыл алды.

Баарлашуунун жүрүшүндө Эльвира Сариева жана Владимир Кузнецов “Кыргыз Республикасындагы мектеп тамактандыруу программасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулады, аны ишке ашырууда булочка менен чай берүүнүн ордуна ысык тамактандырууга өткөрүү пландаштырылууда.

“2013-2016-жылга дейре эсептеген бул долбоор биз үчүн абдан маанилүү, анын жүрүшүндө өлкөдөгү 250 мектепте 1-4 класс окуучуларын ысык тамактандырууга өткөрүү жана ашканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздандыруу ишке ашырылат», — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Владимир Кузнецов маалымдагандай, долбоорго катышуу үчүн өлкө боюнча 134 жалпы билим берүү мекемеси тандалып алынган.

“Долбоорду ишке ашыруу алкагында 134 пилоттук мектепке 957 миң доллар суммасындагы заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары, ошондой эле 155 миң доллар суммасындагы 248 тонна байытылган ун берилген. Белгилей кетчү нерсе, пилоттук мектептердин 93% ысык тамактандыруу киргизилген. Долбоордун пландык бюджети 11,4 млн долларды түзөт», — деди Владимир Кузнецов.

Андан соң Эльвира Сариева жана Владимир Кузнецов долбоор натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн чечимдерди талап кылган бир катар аспектилерди талкуулады.

Алардын катарына долбоордун 2016-жылдан соң географиялык жана мөөнөттүк жактан кеңейтилиши, пилоттук мектеп санын жогорулатуу, 2014-жылдын соңуна чейинки Мамлекеттик мектептердеги тамактандыруу концепциясын кабыл алуу, ысык тамак уюштурулган мектептердеги ашпоздордун айлык акысы маселесин чечүү кирет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү