21

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Энелердин өмүрүн сактоодогу негизги шарт – алардын ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу”

Бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдик ден-соолугун сактоо жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча тегерек стөлдүн ишине катышты.

Тегерек стөлдүн ишин ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, эне жана бала өлүмүнүн көйгөйлөрү саламаттык сактоо тутумунда келечектүү багыттардан болуп саналат жана саясый деңгээлде кабыл алынган бир катар стратегиялык документтерде чагылдырылган. Мында ал репродуктивдик ден-соолук көйгөйлөрүн чечүү үчүн саламаттык сактоо уюмдары, министрлик жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги ортосундагы шериктештикти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. «Эне жана бала өлүмүн кыскартуу маселесин чечүүгө тармактык министрликтин гана күч-аракети жумшалган жок. Бардык деңгээлдеги бийлик органдары тарабынан репродуктивдик ден-соолук маселесиндеги көйгөйлөрдү тармак аралык чечүүнү жана макулдашылган күч-аракеттерди камсыздаган механизмдерди түзүү үчүн чаралар кабыл алынууда», — деди вице-премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү