03
Ноябрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Келерки шайлоо процесстеринде кеңештерди уюштурууда аялдар үчүн квотаны сактоо маселеси курч турат»
Бүгүн, 3-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Кеңештин жыйынын ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, гендердик теңчилик маселеси ишмердүүлүктүн ар-кыл тармагы үчүн тийиштүү эсептелет жана өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринде аялдарды катыштыруу деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар кабыл алынууда.
“Өлкөдөгү заманбап саясый жана экономикалык абал мамлекеттик органдардын, бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруучу органдарынын алдына жарандык коомчулуктун бардык түзүмдөрү менен бирге жыныстык белгилери боюнча укуктардын кысымга алынуусуна жол бербөө жана аялдардын укугун камсыздоо боюнча күч-аракетти координациялоону камсыздоо үчүн жаңы милдеттерди коюуда», – деди вице-премьер-министр.
Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, келерки шайлоо процесстеринде кеңештерди уюштурууда аялдар үчүн квотаны сактоо маселеси курч турат: “Мында квоталарды киргизүүнү демилгелеген депутат-аялдарга үмүт артылат. Аялдар саясый процесстерге толук кандуу катышууга мүмкүндүк алышы тийиш».
Жыйын жүрүшүндө КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлик жетекчилеринин жана облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин гендердик теңчилик боюнча программаны ишке ашыруу боюнча баяндамалары угулду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү