14

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева паралимпиадалык спортчулар Карабек уулу Талгат жана Арстанбек Базаркулов менен жолугушту

Бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева таймашка аттанып жаткан паралимпиадалык спортчулар Карабек уулу Талгат жана Арстанбек Базаркулов менен жолугушту. Жаш спортчулар 16-24-октябрда Корея Республикасынын Инчхон шаарында өтүүчү Азиянын паралимпиадалык оюндарына катышат.

Өлкөдөгү паралимпиадалык кыймылды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен жана спортту колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан спортчулардын Азиянын паралимпиадалык оюндарына катышуусу үчүн финансылык жардам бөлүнгөн.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Карабек уулу Талгат жана Арстанбек Базаркуловго чың ден-соолук, күч-кубат жана алдыдагы Азия паралимпиадалык оюндарындагы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде спортчулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргызстан тарыхында алгач ирет паралимпиадалык оюндарга курамында 7 адам турган өкүлчүлүк делегация жөнөтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биздин өтүнүчкө ыкчам жооп кайтаргандыгы бизди абдан кубандырат, ага жараша, майыптар катарындагы спортчуларыбыз Корея Республикасынын Инчхон шаарында өтүүчү Азиянын паралимпиадалык оюндарына катышуу мүмкүндүгүнө ээ болду», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиада федерациясынын башкы катчысы Саламат Бекбоев.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү