30

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Енисей кыргыздары» көргөзмөсү биздин ата-бабалардын тарыхтагы жаңы кырларын ачууда”

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Н.М. Мартьянов атындагы Минусински аймактык край таануу музейи тарабынан уюштурулган «Енисей кыргыздары» көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өзгөчө археологиялык топтом көргөзмөсү Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жылына байланыштуу өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагындагы эл аралык илимий-көргөзмө долбоору болуп саналат.

“Кыргыздар Борбор Азиядагы байыркы түрк тилдүү элдердин бири болуп саналат. Учурдагы аймакка жайгашууга жана өз мамлекеттүүлүгүнө ээ бирдиктүү улутка айланууга дейре биздин ата-бабалар узак жана татаал жолду басып өткөн. Окумуштуулар тарабынан даярдалган көргөзмө өсүп келе жаткан муунга өз тарыхын билүүгө мүмкүндүк түзөт».

Өз сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр аталган көргөзмө өз мамлекеттүүлүгүнө жетишүү үчүн илгертеден умтулуп келген кыргыз элинин улуулугуна көптөгөн далилдерди келтирээрин белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү