24

Декабрь

2020

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-аялдары тобунун биринчи жолугушуусуна катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-аялдары тобунун онлайн-форматтагы биринчи жолугушуусуна катышты.  

Жолугушуунун катышуучулары алдында БУУ Башкы катчысынын жардамчысы, Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча БУУӨП аймактык директору Мирьяна Сполярич Эггер жана БУУ Баш катчысынын Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Наталья Герман сөз сүйлөдү.  

Өз кезегинде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Борбор Азиянын лидер аялдарынын актуалдуу маселелерди чечүүдөгү күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасы аймактагы өлкөлөрдүн Лидер-аялдарынын диалогун түзүү демилгесин колдоого алат. Өзгөчө көңүлдү гендердик өнүгүү, үй-бүлөлүк зомбулук, маалыматтар базасын түзүү, аялдар ишкерлиги, постковиддик дүйнөдөгү реабилитация маселелерин чечүүгө буруу керек деп эсептейм. Өзүм тараптан аталган аянтча алкагында жемиштүү иш жүргүзүү үчүн күч-аракетимди жумшоого даярмын», – деп белгиледи ал. 

Белгилей кетсек, жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдары катышты: Казакстан Республикасынын парламентинин (Мажилис) төрагасынын орун басары Гульмира Исимбаева, Туркмөнстан парламентинин (Межлис) төрайымы Гүлшат Маммедова, Өзбекстан Республикасынын парламентинин (Олий Мажлис) сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар Борбор Азия мамлекеттеринин лидер аялдарынын декларациясына кол коюшту.