21
Декабрь
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Дин иштери боюнча мамкомиссияга КМДБ менен биргеликте жашы жете электерди никеге тургузуу ырымына жол бербөө боюнча ишти жүргүзүүнү сунуштайт
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы менен биргеликте дин кызматкерлери жана калк арасында жашы жете элек жактарды никеге тургузуу ырымына жол бербөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусундагы 18 жашка чыга элек кыздын никеге туруусуна тийиштүү абалды териштирүү тапшырмасы берилди.