22
Сентябрь
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзү
Вице-премьер-министр Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия комиссиясынын 22-отурумунун жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү.
Вице-премьер-министрдин сүйлөгөн сөзүнүн толук тексттин төмөндө келтиребиз:
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Алгач Өкмөт Төрагасынын орун басары Алексей Логвинович Оверчук жетектеген россиялык делегацияга салам жолдоп кетким келет.
Бүгүн биз Кыргыз-россиялык өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиянын 22-кеңешмесин өткөрүү алкагында россиялык кесиптештер менен биргеликте олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
Комиссиянын кеңешмесин өткөрүү алдында Президент Сооронбай Шарипович жана Премьер-министр Кубатбек Айылчиевич менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Кыргызстан Россия менен стратегиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана аны ар тараптуу тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.
Бүгүнкү күндө кыргыз-россия алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп, саясий жана экономикалык диалогдор колдоого алынып, эки тараптуу кызматташтыкка багыт берип, стратегиялык мамилебиздин мазмундуулугуна өбөлгө түзүү менен дээрлик бардык деңгээлде байланыштар ишке ашырылууда.
Коронавирустук инфекцияга байланыштуу пандемия биздин өлкөлөрүбүздүн жашоо-тиричилигине белгилүү түзөтүүлөрдү киргизди.
Мындай кыйынчылык кырдаалда Россия кыргыз элине материалдык, техникалык жана консультативдик жактан көмөк көрсөттү.
Биз россиялык тарапка үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул өлкөлөр ортосундагы өнөктөш жана бир туугандык чыныгы мамилебизден кабар берет.
Кечээ, 21-сентябрдан тарта биздин өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдар жандандырылып, россиялык тарап биздин жарандар үчүн санитардык ченемдерди сактоо шарты менен Россияда жүрүүгө чектөөлөрдү алып салгандыгын канааттануу менен билдирип кетем.
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү!
Өкмөттөр аралык комиссиянын аянтчасы көптөгөн өз-ара аракеттешүү маселелерин, биринчи кезекте соода тармагындагы маселелерди талкуулоого жакшы мүмкүндүк берди.
Көптөгөн маселлер боюнча биз бир пикиргше келишип, өз-ара кызыкчылыктарды эске алуу менен макулдашууларга жетиштик. Айрым маселлер боюнча чечүү жолдорун акылдаштык.
Өзгөчө басым экономика, соода, инвестиция, энергетика, айыл чарба, фармацевтикалык жана химиялык продукция, ошондой эле бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө жасалды.
Россия Федерациясы Кыргызстандын бирден-бир негизги соода өнөктөшү болуп саналат жана соода көлөмү боюнча биздин тышкы экономикалык өнөктөштөрдүн арасында экинчи орунда турат.
Биз мындан ары карай кызматташтыкты тереңдетүүгө даярбыз, тактап айтканда, энергетика жаатында россиялык «Интер РАО» менен тыгыз кооперацияда Кыргызстанда бирдиктүү биллинг борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдаштык.
Өнөр жай кооперациясы жаатында, тактап айтканда, Кыргызстандын базальткомпозиттик индустриясын россиялык технологиянын жардамы аркылуу өнүктүрүүдө макулдашуу бар.
«Росгеология» АК Кыргыз Республикасынын аймагында геологиялык изилдөөлөрдү жана геологиялык иштерди жүргүзүү жаатында сервистик иштерди аткарууга даярдыгын билдирди.
Россиялык тараптын Кыргызстанда идентификация каражаттары аркылуу товарларды маркировкалоо тутумун түзүү үчүн КРга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча оңдуу чечими тууралуу белгилеп кетким келет.
Компаниялардын өз продукциясын сатуу боюнча кызыкчылыгы бар, алсак, «Бишкекский штамповочный завод» МИ россиялык рынокко өз материалдарын жана башка комплекттөөчү буюмдарын сатууну кеңейтүүгө даяр.
Россиялык компаниялар ошондой эле техникасын Кыргызстандын тоо-кен жана айыл чарба тармагына ташып келүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Саламаттык сактоо тармагында тараптар дүйнөлүк Ковидге байланыштуу эпидемиологиялык абалды эске алуу менен тыгыз аракеттешүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирге келишти.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана Роспотребнадзор Кыргыз Республикасында эпидемиология жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча биргелешкен кыргыз-россиялык илимий-изилдөө борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн иликтешет.
Маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында Кайчылаш жыл алкагында белгиленген пландардын жана иш-чаралардын аткарылышын өзгөчө бөлүп кароо зарыл.
Сиздерге белгилүү болгондой, 2020-жыл мамлекет башчылары тараптан Кайчылаш жыл катары белгиленип, 200 ашуун иш-чаралар пландаштырылган.
Бирок күүтүлбөгөн кырдаалга байланыштуу көптөгөн иш-чаралар жылдырылган.
Тараптар белгиленген пландарды ишке ашыруу тууралуу макулдашты. Биз аларды өөлкөбүздөгү эпидемиологиялык абал турукташканда ишке ашырабыз.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган багытта ишти алып баруу тапшырылды.
Эң негизгиси, биздин өлкөлөр бир тууган элибиздин кызыкчылыгына туура келген өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө бирдей кызыкдар.
Көңүл бурганыңыздар үчүн ырахмат!